• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көл облусундагы соцобъекттердин курулушунун жүрүшү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомствонун башчысы Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын жана Тогуз-Булак айылындагы 275 орундуу мектептин курулуш иштерин текшерди.

Бала бакча республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери 2023-жылы башталган. Долбоор боюнча эки кабаттуу имарат куруу каралган, аянты 946 чарчы метрди түзөт.

Ал эми мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет. Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий