• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көл облусунун аймагында катуу жаандан улам айрым жолдор жабылды. Тизме

Аймак 0

Бишкек, 18.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда саат 21:30га карата катуу жамгырдын кесепетинен айрым жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң райондорунда жамгыр катуу жаап жатат.

"Автоунаалардын жолго жүрү санын азайтуу зарыл, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барылып, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна өзгөчө кырдаал (ЧС) жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:

— Григорьевка-Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 км суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол);
— Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дон-Талаа унаа жолунун Көл-Төр-Коңур-Өлөң 42-43 км бөлүгү;
— Тогуз-Булак айылына баруучу жол (заезд в с. Тогуз-Булак);
— Ак-Сай-Көк-Сай унаа жолу;
— Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолу;
— Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү) жана бул унаа жолдун 58 чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда, каттам чектелген.

Азыркы учурда Транспорт министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий