• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан тартып 2-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 1 012 225 м2 имараттын ичи, 6 241 121 имараттын сырты жана 6 589 048 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 24 256 кг хлор, 5 154 литр суюк хлор жана 2 612 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий