• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында 22-апрель саат 01:27де очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Сары-Жаз кырка тоолорунда - Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчу сезилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий