• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көл облусунун башчысы АКШ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда Ысык-Көл облусунда жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө бурулду. Уланбек Далиев облус аймагында туристтердин кызыгуусун арттыра турган уникалдуу жаратылыш-климаттык шарттар бар экенин баса белгиледи. Жайкы сезон эс алуучуларга таза пляждарды, шыпаалуу булактарды жана бай маданий мурастарды тартууласа, кышында Ысык-Көл лыжа тебүүнү жана кышкы спортту сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу жайга айланат.

Облус башчысы белгилегендей, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун натыйжасында Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасы жакшырууда. Бул аймактын экономикасынын өсүшүнө жана анын тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга салым кошот.

Элчи Лесли Вигери аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди. Ал бай жаратылыш жана маданий мурастарга ээ болгон Ысык-Көл эл аралык туристтер үчүн дагы да популярдуу аймакка айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгиледи. Вигери ошондой эле туризмдин экологиялык аспектисинин маанилүүлүгүн жана АКШнын аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордо кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Уланбек Далиев менен Лесли Вигери кызматташууну улантууга жана Ысык-Көл облусун жыл бою иштей турган алдыңкы туристтик борборго айлантууга багытталган жаңы демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий