• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов Балыкчы шаарынын эли менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Балыкчы шаарынын эли менен жолугушууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Э.Думанаев атындагы маданият үйүндөгү жолугушууга 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышууда.

Жолугушууда карапайым калктын көйгөйлөрү көтөрүлүп, маселелер жеринде чечилүүдө.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий