• 87
  • 90.43
  • 0.88

Ысык-Көл облусунун башчысы Каракол аэропортунун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Каракол аэропортунун реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы аэропорттун терминалынын реконструкциялоо жана учуу тилкесинин кеңейтүү иштери инфраструктураны жакшыртууга жана жүргүнчүлөр менен авиакомпанияларга жакшы шарттарды түзүүгө багытталган деп белгиледи.

"Аэропортту реконструкциялоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер аймактын өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу коммуникацияларды жакшыртуу жалпы регионубуздун экономикасынын өсүүсүнө туризм тармагынын өнүктүрүүгө түрткү берет", - деп белгиледи Эмилбек Абдыкадыров.

Пикир

Оставить комментарий