Ысык-Көл облусунун башчысы Кытайдан келген инвесторлорду кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев Кытайдын Шэньчжэнь шаарынан келген Shenzhen Yinfutong Enterprises Management Consulting Co., Ltd компаниясынын директору Юн Ли баштаган делегацияны кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

Уланбек Далиев облустун экономикалык потенциалын чыңдоо үчүн инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ысык-Көл облусу кытайлык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.

Кытайдан келген инвесторлор Ысык-Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Талкуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар сунуштарды кеңири иштеп чыгуу үчүн тиешелүү адистердин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.

Жолугушуунун соңунда Уланбек Далиев кытайлык делегациянын ийгиликтүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга кызыгуусу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий