• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Ысык-Көл облусунун башчысы Кореядан келген дарыгерлердин иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кореядан келген дарыгерлердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси бейтаптар менен жолугуп, тезирээк сакайып кетишин каалап, кореялык дарыгерлерге кесипкөйлүгү жана берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Абдыкадыров Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын медициналык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошуудагы эмгегин белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда Кореядан келген 15 дарыгер, 30 медайым, 1 рентгенолог жана лаборант облустун калкына консультацияларды жана операцияларды жүргүзүп, облустун медициналык кызматын өнүктүрүүгө жана калктын ден соолугун чыңдоого зор салымын кошууда. Дарыгерлер 13-февралдан 15-февралга чейин иштешет.

Пикир

Оставить комментарий