• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айылында шамал паркын курууга капсула салынды

Экономика 0

Ысык-Көл, 12.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын Көк-Мойнок айылында шамал паркы курулат.

Бүгүн шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станциянын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Росатомдун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шамал электр станциясын куруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инфраструктуралардын өнүгүүсүнө алып келерин белгиледи.

"Энергетика тармагында акыркы эки жылдын ичинде бир катар чакан жана орто ГЭСтер курулду. Алдыдагы эки жылда өлкөдө электр энергиясынын таңкыстыгы жоюлуп, экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Акылбек Жапаров.

Шамал станциясын курууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каражат каралып, курулуш иштерин "Росатом Возобновляемая энергия" акционердик коому жүргүзөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, былтыр министрлик "Росатом Возобновляемая энергия" акционердик коому менен келишим түзгөн. Ошондон тартып адистер изилдөө иштерди жана техникалык экспертизаларды жүргүзүшкөн. Эми Көк-Мойнок айылында шамал станциясын куруу иштери башталат.

"Долбоордун жалпы суммасы 120 млн долларды түзөт. Станциянын кубаттуулугу 100 МВт. 280 млн КВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Бул кошумча энергия болуп берет. Күн энергиясы күндүз гана иштесе, шамал станциялары күнү-түнү дебей электр энергиясын өндүрөт. Ошол үчүн компания ушул жерди долбоорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу деп тандап алды. Бул деген жайкысын Ысык-Көл облусунун 80%ын электр энергиясы менен камсыздаганга мүмкүнчүлүк берет. Курулуштун мөөнөтү бир жыл. Бул убакыт аралыгында иштер жыйынтыкталып, шамал паркы пайдаланууга берилет", - деди энергетика министри.

Пикир

Оставить комментарий