• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көл районунда милициянын эки жаңы участкалык пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатынын аймагында жана Чолпон-Атадагы шаардык пляжында милициянын жаңы участкалык пункттары ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов жана райондун акими Жапарбек Ормонов катышты. Пункттардын ачылышы популярдуу туристтик аймакта коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.

Эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылынын аймагында жайгашкандыктан, бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер жана эс алуучулар келишет. Буга байланыштуу эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Милициянын жаңы участкалык пункттары пансионаттын жана ага жакын жайгашкан аймакта коопсуздук чараларын олуттуу күчөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий