• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысык-Көл: Тору-Айгыр суусунун жээги бекемделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинен тартып Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын күн батыш тарабындагы "Тору-Айгыр" суусунун жээктерин бекемдөө иштери жасала баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жээк бекемдөө иштери табигый кырсыктардын алдын алып, кесепеттерин жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

Учурда ӨКМден 1 бульдозер тартылып, суу нуктарын, жээктерин бекемдөө ишин аткарууда. Бүгүнкү күнгө карата "Тору-Айгыр" дарыясынын сол тарабынын 90 метр жээги бекемделди. Иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий