• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл жана Нарын облустук милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл жана Нарын облустук ички иштер башкармалыктарынын борбордук аппаратынын жана райондук-шаардык бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын күжүрмөн аскердик даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.

Буйруктун талаптарын аткаруу боюнча министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык Ысык-Көл жана Нарын ОИИБдин борбордук аппаратынын, райондук-шаардык бөлүмдөрүнүн өздүк курамын “айгай” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

“Айгай” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Ысык-Көл жана Нарын ОИИБдеринин борбордук аппаратынын, райондук- шаардык бөлүмдөрүндө боюнча өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду. Бирок, кызматтык кужүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер орун алган жана ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес.

Жыйынтыгында Ысык-Көл жана Нарын ОИИБдеринин жетекчилерине бир катар кемчиликтерди тез арада жойуу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий