• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучуларды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты

Аймак 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучуларды эрежелерди сактоого чакырышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол жана Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери көл жээгиндеги эс алуу жайларында коопсуздук эрежелерин камтыган такталар, куткаруучу шаймандар, сууда коюлган чектөөчү белгилерди текшерүүгө алып, атайы нускаманын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Эс алуучуларга акваторияда өзүн кандай алып жүрүүнү түшүндүрүп, сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты. Ошондой эле көл жээгинде тазалыкты кармоону эскерте кетишти.

Пикир

Оставить комментарий