• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта саат 19:10 чамаларында Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринин коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 до чектөөгө алып, 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий