• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө 3 жашар бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине облустук милициядан тастыкташты.

Окуя 15-июнда Жолколот айылында болгон. Ал айылга бала апасы менен конокко келген.

Бала велосипед тээп жүрүп арыкка түшүп кеткен. Ал убакта апасы кийинекей баласына тамак берип жаткан. Милициядан кошумчалашкандай, бул окуя кокустук болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий