Ысык-Көлдө 4 унаа сүзүшүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.18 /Кабар/. Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда 4 унаа сүзүштү. Кырсык 7-августта саат 13:30да жолдун 89-чакырымында болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ВАЗ-2107, Honda Stepwgn, Volkswagen Golf 3 жана Renault Duster үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде ВАЗ-2107 унаасынын 26 жаштагы айдоочусу каза болгон, бир жүргүнчүсү жабыркаган.

Андан сырткары Honda Stepwgn унаасындагы 25 жаштагы кыз жана 32 жаштагы Франциянын жараны жабыркаган.

Жабыркагандардын баары ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Кырсык болгон жерге келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери каза болгон адамдын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий