• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө ААР алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйындар өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ААРдын алкагында шаарларда жана айыл аймактарында алдыдагы кеңештерди шайлоону эске алуу менен мыйзамдарды ишке ашыруунун милдеттери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйынга райондун акими М.Насиров, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жер ресурстары башкармалыгынын, райондук статистика бөлүмүнүн өкүлдөрү жана ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышты.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, КР президенти кол койгон жана 2024-жылдын 2-августунан тартып күчүнө кирген мыйзамда бекемделген.

Республика боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү кеңештерди таратууга жана жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоого негиз болуп саналат.

БШК мурда маалымдагандай, сентябрь айында кеңештердин тарашы күтүлүүдө, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу КР министрлер кабинети калкты каттоо, жерге жайгаштыруу (кадастр) жана статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга калкты каттоо тутумдарына, административдик-аймактык чек араларга, даректик реестрге ААРге байланыштуу бардык зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылган.

БШК жана АШК өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыдагы айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн айылдык аймактарды бириктирүүнү жана шаарларды бириктирүүнү эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү маселелерин координациялайт.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу менен түзүлөт.

Шайлоо округдары калкты каттоо, жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.

Шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештерге мандаттардын санын аныктоонун эрежелерин жана шайлоо округдарын түзүүнүн эрежелерин жер-жерлерде түшүндүрөт:

1. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерин кошпогондо, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын санын эске алуу менен белгиленет. Тактап айтканда:

1) Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери - 45 депутат;
2) шаардык жана айылдык кеңештер:
3) административдик-аймактык бирдикте 6000ге чейин калкка – 11 депутат,
4) 6001ден 20000ге чейин – 21 депутат,
5) 20 001 жана андан жогору – 31 депутат.
(«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 31-беренеси)

2. Шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектеш эмес аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт;
3. Шайлоо округдарын түзүүдө шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 15 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги.
("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 10-беренеси)

Ак-Суу районунда ААРга чейин 14 айыл аймагы болсо, ААРнын жыйынтыгында алар 4 айыл аймагына бириктирилген:

1. Тепке, Каракол жана Отрадное аймактары Каракол айылдык кеңешине бириктирилди. Эгерде мурда ар бир айылдык кеңеште 11 депутат болсо, эми бириккен кеңеште 21 депутат болот;
2. Хан-Теңири айылдык кеңешине Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук жана Жыргалаң аймактары бириктирилип, депутаттардын саны - 21;
3. Кереге-Таш, Эңилчек жана Теплоключенка аймактары Кадыр Аке айылдык кеңешине бириктирилип, депутаттардын саны – 31;
4. Октябрь, Кара-Жал жана Бөрү-Баш аймактары Алтын Арашан айылдык кеңешине биригип, депутаттардын саны – 21.
Челпек айыл аймагы Каракол шаары менен бириккен.

Учурда Ак-Суу районунда калктын саны 75 миң 132, шайлоочулардын саны (18 жаштан жогору) 45 миң 81 жаранды түзөт.

Ага ылайык, район боюнча реформага чейинки 214 мандаттын ордуна жалпысынан 94 депутаттын келиши күтүлүүдө. Ошол эле учурда мандаттын 30%дан ашыгы аял депутаттар үчүн сакталат.

Мурда 35 көп мандаттуу округ түзүлүп, азыр жаңы административдик-аймактык бирдиктерди эске алуу менен шайлоо округдарынын санын жана схемаларын кайра аныктоо зарыл.

Шайлдабекова мыйзам талаптарын сактоо менен айылдык кеңештерде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тең укуктуу өкүлчүлүгүн камсыз кылууну өзгөчө белгиледи.

Райондор үчүн даярдык иштеринин биринчи этабы 2024-жылдын август айынын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө. Биринчи этаптын алкагында алдын ала округдарды түзүүнүн жүрүшүндө айылдардын кеңештерде өкүлчүлүгүн оптималдуу камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүшү керек.
Түзүлгөн шайлоо округдары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

Жолугушууларда көптөгөн суроолор айтылып, ошондой эле Ак-Суу районунун тандалган аймактарында учкучсуз дрондорду колдонуу менен техникаларды өткөрүү уюштурула турганы айтылды.

ААР алкагында чек аралар өзгөргөндөн кийин шайлоону даярдоого байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешмелер республиканын бардык райондорунда 3 күндүк мөөнөттө өткөрүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын - кеңештерди оптималдаштыруу аткаруу бийлик органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен бирге жүргүзүлөт.

Төрайым ААР жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар келечекте региондорду өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн жигердүү натыйжаларды жана перспективаларды алып келет деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий