Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылында 22-24-июль күндөрү "Ак-Мөөр Fest – 2022" этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, фестиваль кыргыз кыздарын даңазалоо, кадыр-баркын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу максатында өтөт.
Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен "Кыргыз Биримдиги" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
Пикир
Оставить комментарий