• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көлдө баңгизат сатууга шектелип жергиликтүү тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө баңгизат колдонуу жана сактоо фактысы боюнча К.К.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун К.Н. аттуу тургунунун арызынын негизинде баңги каражаттарды колдонуу/сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жубайына карата системалуу түрдө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү боюнча К.К.С.га карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

К.К.С.нын жашаган жана иштеген жери боюнча сот тарабынан санкцияланган тинтүү иштеринин жүрүшүндө жалпы салмагы 55 грамм болгон кочкул жашыл түстөгү зат (болжолдуу-гашиш) табылып алынган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде К.К.С. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий