Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө балык уулоого кетип дайынсыз болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 10-январь күнү Жеңиш айылында 1983-жылы туулган эркек киши көлгө балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.
11-январь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 9 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, саат 09:30да маркумдунсөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий