Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору курулууда

Аймак 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Ысык-Көлдөгү беш туристтик тейлөө борборлорунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал алгач Балыкчы жана Түптөгү борборлорго баш багып, жумуштун жыйынтыгын жана даярдык деңгээлин көрдү.

Министрдин орун басары туристтик тейлөө борборлорунун курулушу Ысык-Көлдөгү инфраструктураны жакшыртуу менен Кыргызстанга келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин айтып, туризмди өнүктүрүүдөгү долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн жол жээгиндеги жагымдуу инфраструктураны түзүүгө багытталган долбоор бардык керектүү кызматтарды камтыйт.

Аталган борборлор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып "Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу Программасынын үчүнчү фазасы" долбоорунун алкагында курулууда.

Белгиленгендей, "Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү" компонентинин бир бөлүгү болгон бул туристтик тейлөө борборлору курулушу аяктагандан кийин Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин балансына өткөрүлүп берилет.

Балыкчыдагы туристтик тейлөө борборунун ачылыш аземи 2024-жылдын июнь айынын орто ченине пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий