Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинети президенттин Иш башкармалыгына Ысык-Көлдүн Тамчы айылында беш жылдыздуу «Хан-Теңири» мейманканасын куруу үчүн 1 млрд сомдук инвестиция салуу шарты менен үч курулуш компаниясына жер тилкелерин 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы токтомунда айтылат.
Жер тилкелери төмөнкү компанияларга ижарага берилет:
- «Авангард стиль» курулуш компаниясы» ЖЧКсы - 14,21 га жер тилкеси;
- «Елизавета курулуш компаниясы» ЖЧКсы - 10 га жер тилкеси;
- «КыргызИнвестСтрой» ЖЧКсы - 10 га жер тилкеси;
Ошондой эле президенттин Иш башкармалыгына жер тилкелерин ижарага берүү боюнча келишимдерди түзүү тапшырылды.
Курулуш компанияларына 2028-жылдын 1-январына чейин объектилерди салып бүтүрүү тапшырмасы коюлган.
8 кабаттуу «Хан-Теңири» мейманканасы Тамчы аэропортунан 700 метр алыстыкта жайгашат.
Жалпы аянты 99 994 м2, курулуштун жалпы аянты 48 476 м2.
Долбоорго ылайык, мейманкана төмөнкүл шарттар каралат:
- 1 президенттик бөлмө, 20 люкс, кыргыз маданиятынын элементтери менен кооздолгон 109 стандарттык бөлмө, ошондой эле Ысык-Көлдүн панорамалык көрүнүшү бар 14 вилла;
- Көлдүн суусу менен толтурулган органикалык формадагы 3500 м2 табигый бассейн;
- 1000 орундуу, көлдүн панорамалык көрүнүшү менен зал жана конференц-зал;
- 1500 м2 аянттагы курорттук борбор;
- Жыйындар жана конференц-залдар;
- Көлдөгү бассейни бар 10 бунгало;
- 500 орундуу дүйнөлүк ашкана рестораны;
- Ачык спорт аянтчалары (1 футбол, 3 теннис, 1 баскетбол жана волейбол аянтчалары;
- Болжол менен 50 000 м2 ландшафттык дизайн жана 258 метр узундуктагы пляж аймактары;
- Көлдү караган жарым олимпиадалык жабык бассейн;
- 150 унаа үчүн жабык унаа токтотуучу жай;
- Эки чоң жашыл пирс: орто көлөмдөгү кайыктар үчүн узундугу 150 метр, экинчиси пирстеги бар же клуб үчүн 120 метр;
- Бир пляж волейбол аянтчасы.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 27-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев беш жылдыздуу «Хан-Теңири» мейманканасынын курулушуна мезгил кутучасын салган.
Пикир
Оставить комментарий