• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Тоң жана Ысык-Көл райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери атайын мыйзамсыз балык уулоого жана мыйзамсыз аңчылык кылган броконьерликке каршы рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Рейд учурунда Ысык-Көл районундагы Григорьевка жана Ананьева айылдарынын астындагы токойлор жана тоо кыркалары кыдырылып, иш үстүндө аң уулап жүргөн бир топ мергенчилер текшерилип, текшерүү учурунда мыйзамга ылайык баардык уруксат кагаздары бар экендиги аныкталды.

Аң уулоо учурунда аңчылардын мыйзам бузуулары катталган жок. Мындан тышкары Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылынын Пристань паселогунда жайгашкан Д.Кабатаевтин жетекчилигинин астында иштеген балык заводу текшерилди. Текшерүү учурунда атайын балык департаментинин уруксаты менен Ысык-Көлдүн форель балыгын кармап, уруктандырып жатканына күбө болушту. Ошондой эле Тоң балык заводунда дагы жогорудагыдай текшерүү жүргүзүлдү.

Ыкчам рейд учурунда Тору-Айгыр айылынын көл жээгиндеги Майбулун участогунда көмөрүлүп турган кайык табылды. Жеринде тактоо жүргүзүлүп, КИИ 0296 номерлүү кайык А.Б.Т. аттуу жаранга таандык экени аныкталды. Ал жарандан эмне себептен кайыгы көл жээгинде турганы боюнча түшүнүк кат алынып, браконьерлик кылса Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жазаланаары, суу коргоо зонасында ага тиешелүү кайыгын алып кетишин жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий