• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдө чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Тоң районунда чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү саат 17:30 чамасында Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда чагылган түшүп болжолдуу 60 баш кой өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

16-августта жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана райондук Жарандык коргонуу кызматынан кызматкерлери тартылып, койлор оттоп жүргөн жерине тоодон таштар кулап, жалпы 54 кой жабыркагандыгы аныкталган.

Анын ичинен өлгөн 31 баш кой ветеринардык-санитардык эреженин негизинде жерге көмүлүп, ал эми тирүү калган 23 баш койду ээлери тарабынан өз керектөөсүнө алышканы аныкталып, Комиссия тарабынан акт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий