• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көлдө чагылгандан өлгөн мал талапка ылайык зыянсыздандырылат – Ветеринардык кызмат

Коом 0


Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө чагылгандан өлгөн койлор талапка ылайык залалсыздандырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тон районунун Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда болжол менен 250 баш кой чагылган тийип өлгөнүн билдириген.

"Буга байланыштуу Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн жана жайыт комитенинин адистери менен биргеликте комиссия түзгөн. Өлгөн койлорду ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Тоң районунда 8-июлга карата эпизоотиялык абал туруктуу жана кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий