• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ысык-Көлдө “Чыгыш чеберлери” эл аралык симпозиуму өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө технология жана көркөм өнөр мугалимдери, колдонмо-жасалга өнөрүнүн чеберлери жана кесипкөй сүрөтчүлөр арасында “Чыгыш чеберлери” эл аралык симпозиуму өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль” кафедрасы тарабынан өткөрүлүүдө.

6-июлда Бишкекте башталып, 7-8-июлда Ысык-Көлдө уланып жаткан симпозиумдун ишине Астана, Шымкент шаарларынан келген коноктор, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, Евразия эл аралык университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин өкүлдөрү катышууда.

Симпозиумдун максаты – педагогдордун чыгармачылыгына дем берүү, билим берүү чөйрөсүндө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн технология, көркөм өнөр мугалимдери менен тажрыйба алмашуу, ошондой эле технология жана көркөм сүрөт предметтеринин кадыр-баркын жогорулатуу.

Симпозиумдун жүрүшүндө Нарын мамлекеттик университетинин улук окутуучусу Ж.Т.Мамбеталиев пленэр жана живопись боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

Мыдан сырткары, катышуучулар үчүн КР эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин “Чеберлер айылы жана Көркөм өнөр музейине” экскурсия уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий