• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдө дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдар борборунда дүйнөнүн 10 мамлекетинен келген суучулдар тажрыйбасын жогорулатууда. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, суучулдар Казакстан, Россия, Сауд Арабия падышачылыгы, Малазия, Сербия, Палестина, Тунис, Мали, Иордания жана Ливан мамлекеттеринен келишкен.

Окуу-тренингдин жүрүшүндө ӨКМдин окутуучу-суучулдары тарабынан бийик тоолуу аймактагы сууда 30 метр тереңдикке чейин түшүү, суу астындагы авариялык-куткаруу, техникалык жумуштарды жасоо, биринчи жардам көрсөтүү, кесиптик оорулардын алдын алуу боюнча практикалык жана теориялык сабактар өтүлүүдө.

Белгилей кетсек, жыл сайын Кыргызстанга Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун алкагында башка өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана суучулдары кесиптик тажрыйбаларын жогорулатуу максатында келишет. Тренинг 5-16-август аралыгында өтүп, соңунда дүйнө мамлекеттеринде тааныла турган сертификаттар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий