• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдө Эл аралык байланыш биримдигинин жумушчу тобунун отуруму өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 26-августта Аймактык байланыш биримдигинин комиссиясынын алдындагы Эл аралык электр байланыш биримдигинин жумушчу тобунун 49-отуруму өттү.

Иш-чара Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулду.

Отурумга санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, жумушчу топтун төрагасы Алексей Бородин, Эл аралык электр байланыш биримдигинин Электр байланышын стандартташтыруу бюросунун директору Сейдзо Оноэ, КМШ үчүн Эл аралык байланыш биримдигинин аймактык бөлүмүнүн директору Наталья Мачо, аталган биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышууда.

Нурия Кутнаева өз сөзүндө эл аралык форумдардагы аракеттерди координациялоонун жана укук коргоо органдарына Жасалма интеллекти киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басары Замирбек Кожомуратов алыскы райондорду интернетке жана санариптик мамлекеттик кызматтарга туташтыра турган D-CASA долбоорун сунуштады.

Ошондой эле 2025-жылы Бишкекте өтө турган электр байланышын өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк конференцияга даярдык иштери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий