• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ысык-Көлдө Эл аралык изилдөө мектеби өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. 29-июндан 7-июлга чейин Ысык-Көлдө дүйнө жүзүндөгү таланттуу окуучулардын илимий кызматташуусуна жана билим алмашуусуна дем берүү максатында Эл аралык изилдөө мектеби өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин жана илимий институттарынын окумуштуулары жана эксперттери лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүшөт. Окуучулар изилдөө иштерин жүргүзүүнүн этаптарын өздөштүрүшөт: гипотезаны көрсөтүү, максаттарды жана милдеттерди коюу, эксперимент жүргүзүү, алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, кесиптештердин жана эксперттердин алдында натыйжаларды коргоо.

Катышуучулар жасалма интеллект, климатология, антропология, физика, химия, биология, информатика, маданият сыяктуу илимий тармактардын темаларында иштей алышат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Эл аралык изилдөө мектеби он бешинчи жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин он төрт мектепте 50 илимий багытта 136 изилдөө долбоору ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий