• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун денесинде көптөгөн тактар бар. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

27-октябрь күнү болжол менен саат 8:00дөр чамасында милицияга Жон-Булак айылында арыктын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Тергөөчүлөр маркумдун күч колдонуп өлтүрүлгөндүгүн аныкташкан, анын денесинде сабалгандан кийинки издер калган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун өздүгү такталган. Ал 32-жаштагы Каракол шаарынын жашоочусу Бактияр А. аттуу жаран болуп чыккан.

Өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам-издөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий