• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө эс алууда жүргөн ӨКМ кызматкери чөгүп жаткан баланы куткарып калды

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо куткаруу кызматынын жетинчи өзүнчө мобилдик тоодон куткаруу взводунун айдоочу, нускоочусу прапорщик Эрболот Кожоканов чөгүп жаткан эки жаштагы баланы куткарып, ага биринчи жардам көрсөттү.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Эрболот Кожоканов Ысык-Көлдө кезектеги эмгек өргүүсүндө жүргөн.

"Эрболот катамаранда эс алып жатып, Жети-Өгүз районунун Актобе айылында көлдүн жээгинде эки жашар бала эс-учун жоготконун байкап калган. Ал кичинекей баланы суудан алып чыгып, жасалма дем алдырып, биринчи жардамды көрсөттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Нускоочу прапорщик баланы көзүн ачып дем ала баштаганда ата-энесине өткөрүп берип, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий