• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын бирдиктүү архитектуралык долбоорун түзүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Күн мурун Сары-Ой айылында Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана эс алуучу жайларды жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

МЖыйынга Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, облус жетекчиси Улан Далиев жана туристтик объекттердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада эс алуучу жайлардын бирдиктүү архитектуралык долбоорун түзүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана Ысык-Көлдүн туристтик жагымдуулугун жогорулатуу боюнча негизги маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, аймактык архитекторлор жана туристтик жайлардын ээлери катышып, көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий