Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭ негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий