• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдөгү сел: Облустук жарандык коргонуунун штабдык жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл районундагы селге байланыштуу облустук жарандык коргонуунун штабдык жыйыны өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйында селден жабыркаган аймактарда кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам аракеттерди көрүү жана кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды.

Сел сууларынан жабыркаган Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Темир, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Учурда ӨКМдин атайын каражаттары, 100 куткаруучу жана 200дөй адам сел жүргөн аймактарга тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Белгиленгендей, саат 06:30га карата Темир айылында болжол менен 100дөн ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган.

Эске салсак, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Пикир

Оставить комментарий