• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Дагы изилдөө иштери улантылып жатат. Дыйкандарыбыздын үйдөгү бакчаларындагы жер-жемиштери жана мөмө-жемиштери жабыркагандыгы такталууда”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-августта жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир жана Кашат айылдарын сел каптаган.

Пикир

Оставить комментарий