• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдөгү селден электр жабдыктары жабыркаган жок – Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун сел жүргөн айылдарында электр жабдыктары жабыркаган жок. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери бүгүн таңкы саат 07.00дөн тартып сел каптаган Ысык-Көл районунун Темир, Кашат, Бостери, Корумду айылдарынын жана Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн кыдырып, электр жабдыктардын (трансформатор, электр мамылар) абалын текшерүүдө.

Жалпысынан сел жүргөн аймактарда электр жабдыктары жабыркаган жок. Кыйшайып калган бир нече электр мамыларын түздөө иштери жүргүзүлдү.

Учурда энергетиктер селден көбүрөөк жабыркаган Темир жана Кашат айылдарынын суу каптаган көчөлөрүн үймө-үй кыдырып, жарыгы өчкөн кардарларды электр жарыгына кошуу иштерин ыкчам жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий