• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө изделип жаткан 73 жаштагы жарандын сөөгү Чоң Кызыл-Суусунан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө изделип жаткан 73 жаштагы жарандын сөөгү Чоң Кызыл-Суу суусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-августта кечки саат 19:00 чамасында ӨКМдин куткаруучулары жана дайынсыз жоголгон жарандын туугандары тарабынан Кызыл-Суу айылынын тургунунун сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, ӨКМге 1-августта саат сегиздер чамасында Кызыл-Суу айылынын С.Г. аттуу 73 жаштагы тургунунун бут кийими Чоң-Кызыл-Суу суусунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 13 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана РИИБден 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Ошондой эле 46 жаштагы М.С. аттуу Чүй облусунун жашоочусу 29-июлдан бери Түп районунун Ынтымак айылынын тушундагы көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз кеткен.

ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 6 милиция кызматкери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий