• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Ысык-Көлдү изилдөөгө ылайыкталган кеме сатып алуу зарыл - профессор

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Ысык-Көлдү изилдөөгө ылайыкталган кеме сатып алуу зарыл. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Улуттук суу форумунда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору Салмор Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, көлдүн уникалдуу өзүн-өзү тазалоо системасын сактоо үчүн илимий изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүү шарт.

“Биз эл аралык окумуштуулар тобу Ысык-Көлдүн абалын өз каражаттарыбыз жана гранттардын эсебинен изилдеп жатабыз. Бирок мындай иштер туруктуу жана ырааттуу жүргүзүлүшү керек. Мамлекет илимий борбор түзүп, көлдү изилдөө үчүн атайын жабдылган кеме сатып алууга каражат бөлүшү зарыл. Болбосо, биз экосистемадагы кайтарылгыс өзгөрүүлөргө дуушар болушубуз мүмкүн,” – деди профессор Алымкулов.

Белгилей кетсек, Улуттук суу форумдун алкагында көлдүн экологиялык абалы жана туруктуу изилдөө иштеринин зарылдыгы талкууланууда.

Пикир

Оставить комментарий