Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:07де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Туура-Суу айылында 3 баллга, Оттук, Орто-Токой айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен.
Пикир
Оставить комментарий