• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт

Спорт 0


Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат.

"Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан "Сары-Өзөн", "Достук", "Ынтымак", "Мурас" клубдары ат салышат. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат", - деди ал.

Бегалиев белгилегендей, экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ойнойт.

"Учурда Россиядан беш клуб катышууга арыз берди. Алар: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Алтай жана Красноярск шаарынын командалары", - деди ал.

Көк бөрү федерациясынын президенти маалымдагандай, ал эми үчүнчү форматта Кыргызстан менен Казакстандан 45 жаштан жогорку көк бөрү ардагерлеринин достук беттеши өтүп, ошону менен турнир жыйынтыкталмакчы.

Маалымат жыйындын катышуучулары белгилешкендей, турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий