• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө “Хизб ут-Тахрир” уюмунун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылды

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун материалдары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, Ак-Суу жана Түп райондорунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 13 даректе уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада 142 даана диний адабияттар, баракчалар, брошюралар, ошондой эле 38 электрондук алып жүрүүчү, флеш-карталар, дисктер жана 28 уюлдук телефондор түрүндөгү буюм далилдери табылып алынып, процессуалдык түрдө документтештирилди.

УКМКдан белгилешкендей, теологиялык экспертизанын жыйынтыгында алардын арасынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик мүнөздөгү материалдары табылган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу”) негизинде кылмыш иштери козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий