• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көлдө Корумду – Балбай-Баатыр унаа жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай-Баатыр тилкесин реконструкциялоонун алкагында бир катар курулуш иштери аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, подрядчы "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" ишканасы керектүү курулуш техникаларын жана жумушчуларды мобилизациялоодон өткөрүп, иш кызуу жүрүп жатат.

Учурда подрядчы тарабынан жолдогу топурактын үстүнкү катмарын тазалоо жана алып салуу, эски асфальт жолду фрезерлөө, эски асфальт-бетон төшөлмөсүн жумшартуу жана демонтаждоо иштери аткарылууда. Ал эми жараксыз материалдар экскаватор менен сүрдүрүп чыгарылды.

Мындан тышкары, учурдагы темир-бетон электр мамыларын демонтаждоо жана аларды утилизациялоочу жайга жеткирүү жана суу түтүктөрүн жылдыруу боюнча иштер башталды.

Ошондой эле подрядчы полигондогу көпүрөлөр жана суу өткөргүчтөрү үчүн темир-бетон буюмдарын жана конструкцияларды чыгаруу боюнча иш алып барууда.

Маалымат үчүн: Реконструкциялануучу жол Ысык-Көл айланма жолунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейинки Корумду – Балбай-Баатыр тилкеси. Жолдун жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзөт. Аталган долбоордун курулуш мезгили 2024- 2027-жылы бүтөт жана кепилдик мөөнөтү 3 жыл болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий