• 87
  • 90.59
  • 0.86

Ысык-Көлдө куткаруучулар өрт коопсуздугу боюнча күчөтүлгөн режимде иш алып барууда

Аймак 0


Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жаңы жылдык майрамдарды уюштурууда өрт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары кооздолгон өрт өчүрүүчү унаалардын коштоосунда базарларда, коомдук жайларда жана борбордук көчөлөрдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана пиротехникалык каражаттарды колдонууда этият болуу тууралуу элге массалык түшүндүрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сабактар улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий