Ысык-Көлдө кызды ала качып бараткан жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда кызды никеге туруу максатында ала качып бара жаткан жигиттер кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-ноябрда болжол менен саат 23:20да Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кызды бир канча жигиттер күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка кеткендиги тууралуу багыттама алышкан.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Toyota Wish үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан Ак-Суу районунун 25 жаштагы К. уулу Б. аттуу тургуну токтотулган.

“Текшерүү учурунда айдоочу менен бир канча жигит А.к.Н. аттуу кызды мажбурлап никеге тургузуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кетип жатышканы такталды”, - деп айтылат маалыматта.

Автоунаа жана кармалган жарандар Балыкчы шаардык милициясына жеткирилип, тергөө кызматына тапшырылып берилди.

Аталган факты “Адам уурдоо” беренеси менен Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү реестиринде катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий