Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Аймак 0


Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 3 ай ичинде 29 мал уурулук фактысы катталып, анын 20 учуру милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ачылган.

"Мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жуманын демалыш күндөрү өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын учурунда милициянын 7 посту уюштурулуп, анда кызмат өтөгөн 156 милиция кызматкери, Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларына 162 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш кагаздар текшерүүдөн өттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүү учурунда мал ташып бара жаткан 36 адамда тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондуктан, алар жашаган жерлерине кайтарылып, ал жерден жеригиликтүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан малдын ошол адамдарга тиешелүү экендиги текшерилди.

Профилактикалык рейд учурунда иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктарынын ээлери менен кезигип, малдын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.

"Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий