• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Ысык-Көлдө маморгандардын өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Эл менен жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касмалиев, башкы прокурорунун биринчи орун басары Баймурза Маатов жана ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуулар президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого багытталган кеңири программанын бир бөлүгү болуп саналат. Бул жолу мамлекеттик бийлик өкүлдөрү Түп районунун жана Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушунун жүрүшүндө инфраструктураны жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, медициналык жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга, ошондой эле коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого тиешелүү негизги аспектилер талкууланды. Бул жолугушуулардын максаты жер-жерлерде калктын актуалдуу көйгөйлөрү жана муктаждыктары менен түздөн-түз таанышуу, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин талкуулоо болду.

Жолугушуу учурунда Адылбек Бийбосунов укук тартибин сактоодо заманбап технологиялардын ролун, атап айтканда, региондо видео байкоо тутумун киргизүү жана кеңейтүүгө өзгөчө көӊүл бурду. Ал видеобайкоо камералары укук бузуулардын алдын алууда жана көчөлөрдөгү коопсуздукту камсыздоодо негизги ролду ойной турганын баса белгиледи. Ушул тутумдардын жардамы менен укук коргоо органдары ар кандай орун алган окуяларга ыкчам жооп кайтарып, кылмыштарды натыйжалуу аныктап, анын алдын аларын түшүндүрдү.

Түп районунун жана Каракол шаарынын тургундары видеобайкоо камераларынын ишине жана аларды камтууга тиешелүү маселелерди көтөрүп, бул системаны өздөрүнүн калктуу конуштарынын аймагында кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Адылбек Бийбосунов камералардын санын көбөйтүү жана коомдук жайларды көбүрөөк камтуу үчүн, ИИМ тарабынан бул багытта активдүү иштерди улантат деп ишендирди.

Жарандарга мамлекеттик сервистик тейлөө боюнча кызматтынын ишмердүүлүгү дагы бир маанилүү тема болду. Адылбек Бийбосунов ички иштер министрлиги калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу сервистерди түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты. "Бул демилгенин алкагында жарандар менен санариптик платформалар аркылуу өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу пландаштырылууда, анда тургундар керектүү кызматтарды тезирээк ала алышат жана милиция менен ыкчам өз ара аракеттене алышат", - деди ал.

Ошондой эле жолугушууларда укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Бийбосунов милициянын натыйжалуу ишинин негизи - кылмыштардын алдын алуу экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда бийлик өкүлдөрү мындан аркы диалогго жана пайда болгон бардык маселелерди чечүү үчүн калк менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий