Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде белгисиз жарандар палас жууп жатканы тартылган видео тарады.
“Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул видео боюнча экологиялык милицияга тапшырма берилген.
Учурда Ысык-Көлдүн жээгинде палас жууган адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий