• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды

Коом 0


Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкери Ринат Токоев көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калуу менен жогорку кесипкөйлүктү жана кайраттуулукту көрсөттү.

Окуя Пристань-Пржевальск шаарчанын аймагында жайгашкан Каракол шаардык пляжына жакын жерде болгон. Саат 13:00 чамасында көлгө түшүп жаткан бала күтүүсүздөн чөгө баштаганын байкаган Ринат Токоев дароо өспүрүмдү куткарууга киришкен. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, өзүнүн ыкчам аракети жана кесипкөйлүгү менен баланы куткарып калган.

"Бул биздин кызматкерлердин өз кесибине берилгендигинин жана кесипкөйлүгүнүн мисалы. Биз жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргоого ар дайым даяр болгон Ринат Токоев сыяктуу кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз", — деп белгилешти милициядан.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет. Анын көрсөткөн эрктүүлүгү, туристтик аймактарда үзгүлтүксүз кезмет иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана милиция кызматкерлеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтарууга даярдыгын дагы бир жолу баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий