• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон жаранды куткарышты

Аймак 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс-учун жоготкон жаранды куткарышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында Ысык-Көл районунда коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн Атайын багыттагы полктун кызматкерлери Жалил уулу Шамил жана Айбек Бийдинов эс-учун жоготкон жаранды куткарышты. Анда сууга чөгүп кеткен жаран көлдө пирстен секирип жатканда эсин жоготуп койгондугу белгилүү болгон.

Милиционерлер жабыркаган Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 1990-жылы туулган тургунун көл жээгине алып чыгышып, биринчи медициналык жардам көргөзүшүп, андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий